Измирде түркмөнстандык 4 кишинин сөөгүнүн муздаткычтан табылышы: Окуянын чоо-жайы белгилүү болду

Түркиянын Измир шаарында 4 мекендешин өлтүрүп, денелерин муздаткычка салып койгон жаран кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бул кылмышка шектүү Измир шаарынан 80 чакырым алыстыктагы Чешме шаарчасынан кармалган. Ал кармалган маалда жанынан кылмышка тиешелүү болгон бычак дагы табылган. Түркмөнстандык жаран кылмышын моюнуна алып, бул кылмышка кызганыч себеп болгонун айткан.

Каза болгондордун аты-жөнү да белгилүү болду. Алар апасы Гүлкамар Ханымова, анын эки кызы - 28 жаштагы Лачин жана 30 жаштагы Лейла Гелдияровалар, ошондой эле улуу кызы Лейланын жигити Руслан Керимов болгон. Апасы менен кыздары Түркияга 2019-жылы келишкен. Кылмышка шектүү С.Х. каза болгондор менен бир үйдө жашаган.

Буга чейин Измир шаарында түркмөнстандык 4 жарандын сөөгү муздаткычтан табылгандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан