Чүйдө камактагы аялды күйөөсү менен мейманканада жолуктуруу үчүн пара алган милиция кызматкери кармалды

Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматта "Пара алуу" беренеси боюнча Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн коштоо тобунун кызматкери С.А., ошондой эле Э.А. жана А.Ж. аттуу жарандар кармалганы айтылат.

Бул факты боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголгон. Анын алкагында ушул жылдын 19-июнунда милиция кызматкери С.А. Бишкек шаарынын Тергөө камак жайына камакка алынган Э.А. аттуу жаранды Сокулук райондук сотуна соттук териштирүүгө катышууга алып чыккан. Андан кайра кайтып келе жаткан учурда камактагы аялды жарандык күйөөсү А.Ж. менен Сокулук районунун аймагындагы мейманканалардын биринде жолугушууну сүйлөшүп алганы аныкталып, ошол жерден кармалышкан.

Сокулук РИИБинин кызматкери Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Чүйдө камактагы аялды күйөөсү менен мейманканада жолуктуруу үчүн пара алган милиция кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан