Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркештам" көзөмөл-өткөрүү бекеттери 22-июнда убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.
"Бекеттер Кытайдагы "Дуань-у" майрамына карата жабылат", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгиленгендей, адамдарды, транспорттук унааларды өткөрүү 23-июнда калыбына келтирилет.