Казакстанда жол кырсыгынан Тажикстандын төрт жараны каза болду (видео)

Казакстанда жол кырсыгынан Тажикстандын төрт жараны каза болуп, бешөө жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 21-июнда Актөбө облусунун аймагындагы Самара-Шымкент унаа жолунун 631-чакырымында болгон.

Hyundai Starex унаасынын айдоочусу Тажикстандын жараны рулду башкара албай, оодарылып кеткен.

Алдын ала аныкталгандай, унаанын айдоочусу унааны чарчаган абалда башкарган. Каза болгондордун арасында 15 жаштагы кыз да бар.


Жол кырсыгы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан