"Титаникти" көрүүгө кетип дайынсыз жоголгон туристтер: Изилдөөчүлөр алгачкы үндөрдү угушту

"Титаник" кемесин көрүүгө кеткен туристтерди издеп жаткан изилдөөчүлөр алгачкы үндөрдү жаздырышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жазылган үндөр жардам сурап, бир нерсени урган үнгө окшошкон. Учурда экипаждардын тирүү экенине үмүт пайда болуп, издөө иштери күчөтүлдү.

Суу астында жүрүүчү кемеде бир нече саатка жете турган гана кислород калды.

Учурда окуя болгон жерде АКШнын Жээк коопсуздук кызматы жетектеген аскердик учактардын катышуусунда издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат. Андан соң издөө иштерине Канаданын Жээк коопсуздугу жана Канаданын күчтөрү кошулду.

Кечээ, 20-июнда чөгүп кеткен "Титаник" кемесин көрүүгө кеткен 5 турист Атлантика океанынын түбүндө дайынсыз жоголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан