Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нурдан Орунтаев аны "президент Садыр Жапаровдун өкүл баласы" деген айың кептерге жооп берди. Бул тууралуу вице-мэр SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда айтып берди.
"Садыр Нургожоевич менен эч кандай тууганчылыгым жок. Эч кандай өкүл баласы эмесмин. Менин өкүл атам жөнөкөй эле карапайым киши. Бул жөн эле сөз", - деди Орунтаев.
Ошондой эле ал мамлекет башчысы менен вице-мэр болгондон кийин гана жыйындарда жүз көрүшкөнүн кошумчалады.
Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыз.