Арча-Бешик конушунун тургундарына ичүүчү суунун төлөмү кайра эсептелди

Арча-Бешик жаңы конушунун абоненттеринин ичүүчү сууга төлөмү кайра эсептелди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

"Бишкексууканал" башкармалыгы Арча-Бешик жаңы конушунун абоненттерине суунун жетишсиздигинен улам таза суу жана саркынды суулар үчүн кайра эсептөө жүргүзөт.

7066 абонент 2023-жылдын май айына кайра эсептөө менен квитанция алышкан.

Жалпы саны 258 миң 845 абонентти түзөт. Анын ичинен 2,7 пайыз абонент кайра эсептелген.

"Ар бир айдын 1-күнүнөн 10-күнүнө чейин «Бишкексууканал» башкармалыгы абоненттерге муздак суу берүү жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча квитанцияларды жеткирип турат", - деп билдиришти мэриядан.

Квитанцияда абоненттин төмөнкү маалыматы чагылдырылат:

- муздак сууну керектөө нормасы;
- дебитордук карыз;
- жашоочулардын саны;
- муздак сууга тариф;
- саркынды суу үчүн тариф.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан