Бишкекте салмагы 5 килограммдан ашык төрөлгөн ымыркайга ысым ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, ымыркайга Алим деген ысым ыйгарылып, туулгандыгы тууралуу күбөлүк тапшырылды.
Эске салсак, 16-июнда Бишкек шаарында жашаган Сатымкуловдордун үй-бүлөсүндө салмагы 5 килограмм 130 грамм болгон уул төрөлгөн. Төрөлгөн ымыркай үй-бүлөнүн тун уулу экени айтылган.