Футбол: "Барселона" клубу дүйнөдөгү эң мыкты оюнчулардын бири менен келишим түздү

Каталондук "Барселона" клубу англиялык "Манчестер Сити" клубунун лидерлеринин бири Илкай Гюндоган менен эки жылдык келишимге кол койду.

Белгилүү спорт журналисти Фабрицио Романонун маалыматына караганда, "Барселона" 32 жаштагы немис жарым коргоочусу менен эркин трансфер боюнча келишим түздү.

"Илкай Гюндоган "Барселонада!

Гюндоган 2025-жылдын июнь айына чейин жарактуу, дагы бир жылга узартуу мүмкүнчүлүгү менен эки жылдык келишимге кол койду", - деп жазды Романо.

Өткөн сезондо Гюндоган Англия Премьер-Лигасында 31 оюн ойногон. Дүйнөнүн эң мыкты оюнчуларынын бири анда 8 гол жаратып, 4 жолу голдук пас чыгарган.

Ошондой эле ал Чемпиондор Лигасынын учурдагы чемпиону.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан