"Сиз эмне "отвечаласызбы?" Депутат Токторбаев менен Сатыбалдиев кайым айтышты

Бүгүн, 22-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында коррупция жана башка кылмыштардын негизинде соттолгон адамдардын акталгандан кийин мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштөөсүнө чектөө коюу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Демилгечи депутат Жеңишбек Токторбаевдин айтымында, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупция жана башка кылмыштар үчүн соттолгон адам анын соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынганына же жоюлганына карабастан мамлекеттик кызматка келбеши керек.

"Азыркы мыйзамдын негизинде коррупция менен соттолгон адам кызматка кайра дайындалып жатат. Алар кайрадан мурдагы үйрөнгөн адатын баштайт. Азыр коррупционерлер менен күрөш катуу жүрүп, алардын бир нечеси жоопко тартылууда. Эми ушундай коррупционерлерди кайрадан жумушка келтирбеш керек", - деди Токторбаев.

Ошондой эле эл өкүлү мындай сунуш коомчулукта талкуу жарата турганын айтып, айрым кесиптештери мындай мыйзамды алып коюуну сунуштап жатышканын, "кийин өзүбүзгө иштейт" дегенин кошумчалады. Токторбаев учурда Кыргызстанда активдүү иштеген 3,5 миллион адамдын 500 миңи коррупционерлер экенин айтып, калган 2 миллион адамдан деле 90 депутат чыгарын айтты.

"Биз эгер коррупцияга шектелип, мыйзамсыз байып, элдин канын соруп, мамлекеттин акчасын уурдап, соттолуп, кайра акталгандан кийин кантип депутат болобуз?! Ошондуктан бул мыйзамды колдоп бериңиздер", - деп билдирди депутат.

Жыйында депутат Элмурза Сатыбалдиев аталган мыйзам долбоору баш мыйзамга каршы келерин айтып, демилгечилерге баш мыйзамды окуп коюуну сунуштады.

"Бул баш мыйзамга каршы келет. Бир кылмыш үчүн адам баласы эки жолу жазаланбайт. Акталган адам ак болуп саналат. Мен бул мыйзамга каршы болууну үгүттөйм. Мыйзамды окуп койгула", - деди Сатыбалдиев.

Токторбаев Сатыбалдиевге башкаларды үгүттөбөгөнгө чакырып, өзү үчүн гана жооп берүүсүн талап кылды. Токторбаевдин айтымында, Сатыбалдиев өзү коррупцияга шектелип, соттолгондугу үчүн башка депутаттарды аталган мыйзам долбооруна каршы чыгуусуна үндөп жатат.

Эске салсак, Элмурза Сатыбалдиев 2014-жылы 2010-жылдагы апрель окуясы боюнча айыпталып, 10 жылга эркинен ажыратылган. 2019-жылы ал жаза мөөнөтүнүн үчтөн экисин өтөп, шарттуу түрдө бошотулган.

Жогорку Кеңеш 22.06.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан