Эртең, 23-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35,
Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +31…+36,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29,
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +32…+34 градус болот.
Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши мүмкүн.