Роза Багланова атындагы "Казакконцерт" мамлекеттик концерттик уюму гастролдук тур менен Бишкек шаарына келет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Белгиленгендей, казакстандык артисттер үстүбүздөгү жылдын 26-июнунда кечки саат 19:30да Кыргыз улуттук филармониясында "Достук жайы" аталышындагы чоң программадагы гала-концертин тартуулайт.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналат.
Концерттик программага А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын Симфониялык оркестри башкы дирижер Захар Бутенконун жетекчилиги алдында катышат.
Белгилей кетсек, "Казакконцерттин" артисттери 2022-2023-жылдардагы концерттик-гастролдук сезонунда АКШ, Франция, Швейцария, Словения, Бельгия, Австрия, Хорватия, Венгрия, Италия, Бразилия, Түштүк Корея, Россия, Германия, Өзбекстанда 35 концерт жана 2 спектакль тартуулашкан.