Өлкө  аймагында "Рулда"  аталышында рейд өткөрүлүп, 251  мас айдоочу аныкталды


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү максатында 13-июндан тартып, 19-июнга чейин өлкө аймагында рейддик иш-чара өткөрүп, бир жума ичинде 22 240 жол эрежелерин бузуу фактыларын аныкташты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы кабарлады.

Алардын ичинен:

-Мас абалында унаа башкаргандар 251 айдоочу;
-Көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашырып айдагандар 3529 айдоочу;
-Терезелерин мыйзамсыз караңгылаткандар 65 айдоочу;
-Мамлекеттик номуру жок унаа айдагандар 37 айдоочу;
-Тийиштүү документтери жок унаа башкаргандар 209 айдочу;
-Кызматкерлердин токтотуу талабына баш ийбей кармалгандар 20 айдоочу;
-Коопсуздук курун тагынбагандар 4216 айдоочу;
-Башка жол эрежелерин бузуулар 13 913 айдоочу;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, 1537 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында мындай рейддик иш-чараларды мындан ары да күчөтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан