Зеленський Орусиядан Украинага китептерди алып кирүүгө тыюу салды

Украинанын президенти Володимир Зеленський Жогорку Рада тарабынан мурда кабыл алынган Орусия менен Беларустан басылма продукцияларын, ошондой эле орус жарандарынын автордук чыгармаларын камтыган чыгармаларды Украинага алып кирүүгө тыюу салган мыйзам долбооруна кол койду.

"Мен "Украинанын айрым мыйзамдарына Орусия менен Беларустан басма продукциясын алып келүүгө жана жайылтууга чектөөлөрдү белгилөө боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койдум", - деп жазды Зеленський Telegram каналына.

Өткөн жылы Украина парламенти Орусиядан китептерди алып келүүгө жана таратууга тыюу салган мыйзам кабыл алган. Ошол эле учурда башка өлкөлөрдөн алынып келинген орус тилиндеги басылмалар үчүн алардын мазмунун текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү процедура киргизилген.

Ошондой эле 2023-жылдын башынан тарта Украинада Орусия Федерациясынын жарандары жазган китептерди басып чыгарууга жана таратууга тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан