Коңшу Казакстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн аттестаттарын таштанды урнага ыргытып жаткандагы видеосу социалдык тармактарга тарады.
Сенсациялуу видео социалдык тармакта бир нече күн мурун пайда болгон. Видеодо көрүнгөндөй, бүтүрүүчүлөр кезек менен аттестаттарын таштандыга ыргытып жатышат. Ошол эле учурда алардын жүздөрү көрүнгөн эмес.
Казакстандын Билим берүү министрлиги бул окуя боюнча териштирүү иштери башталып, окуучулар изделип жатканын билдирген.
Белгилей кетсек, мындай окуя Казакстанда биринчи жолу болуп жаткан жок. Ушундай эле видеону 2022-жылы бүтүрүүчүлөр дагы тарткан. Кийинчерээк бүтүрүүчүлөрдүн кечирим сураган видеосу жарыяланган.