Кыргызстанда издөөдө жүргөн эки жаран Испания менен Орусиядан кармалды

Алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн Кыргыз жарандары Испания менен Орусиядан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин интерполунун суранычы менен Испаниянын интерполу тарабынан Мадриддин аэропортунан эл аралык издөөдө жүргөн 1988-жылы туулган И.А. кармалды. Ал 2022-жылдан бери өзгөчө ири өлчөмдө (140 миң доллар) алдамчылык жасагандыгы үчүн Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан издөөдө жүргөн.

Аталган жаран ишкерлердин ишенимине кирип, андан ары чет өлкөдө сатуу үчүн адамдардан товар алып келем деп ири суммадагы акчаларын алып, изин жашырып кеткен.

Маалыматка ылайык, ал Түркияда андан кийин экстрадициялоо боюнча келишими жок өлкөлөрдө жашырынууну көздөгөн. Ал Түндүк Америка континентине өтүүгө аракет кылган. Шектүү АКШда жашырынууну көздөп, Түркия - Мексиканын "Бенито-Хуарес" эл аралык аэропорту багытында авиабилетти брондоп, Мадриддеги аэропорттон кармалды.

Ошондой эле Орусиянын Ички иштер министрлигинин Интерпол Улуттук борбордук бюросу менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Новосибирск шаарындагы аэропорттон эл аралык издөөгө алынган1988-жылы туулган А.А. кармалды. Ал борбор калаадагы банктардын биринин кызматкери болуп иштеп турганда кардардын 900 миң сом акчасын алып, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

Учурда Кыргызстандын компетенттүү органдары тарабынан кармалган жарандарды экстрадициялоо маселеси каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан