Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун  төрөт үйү август айына чейин жабылды

Кечээ, 22-июндан тарта Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйү убактылуу жабылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, жаңы Перинаталдык борбордун имаратын Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйүнө кошуу максатында жана эски имаратты оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу 6-августка чейин аталган мекеме жабылат.

"Бишкек шаарындагы төрөт үйлөрү жана Чүй облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмү борбор калаадагы кош бойлууларды, төрөт учурундагы, төрөгөн аялдарды бекитилген графикке ылайык кабыл алууну камсыздайт", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан