Сайгактын мүйүздөрүн контрабандалык жол менен ташуу иштерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Белгиленгендей, атайын кызмат сайгак мүйүздөрүн Кытайга мыйзамсыз алып өтүү үчүн Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз алып келгенин аныктаган. Ага ылайык, негизги кылмышкерлер жүктү мыйзамсыз ташып бара жаткан жеринен кармалды.
Иликтөөнүн жыйынтыгында Улуттук илимдер академиясынын жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин адистери мүйүздөр сайгактын татарика түрүнө таандык экенин тастыкташты.
Учурда УКМК аткезчилик менен алектенген башка адамдарды аныктоо иштерин жүргүзүүдө.
Маалымат үчүн: Өткөн кылымда сайгактар дээрлик толугу менен жок кылынган, азыр алар эл аралык Кызыл китепке "Жок болуу алдында турган түрлөр" статусу менен киргизилген. Азыр сайгактар Казакстанда, Батыш Монголияда, Өзбекстанда жана Орусияда (Астрахан облусу жана Калмакия) жашайт.