Биз социалдык тармакта

Алайдын Белекбаев айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Алай районунун Белекбаев айыл өкмөтүнө селге байланыштуу өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-июнда саат 07:30дар чамасында селдин кесепеттерин жоюуга Алай райондук №68 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 15 куткаруучу тартылды.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу тактоо, авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү, кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында Белекбаев айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Белгилей кетсек, 21-июнь күнү кечке маал аймакта катуу жаандын кесепетинен 45 турак үйдүн короо-сарайларын, 3 социалдык объектинин (1 мектеп, балдар бакчасы, ФАП) короолорун кум шагыл аралаш сел суулары каптаган жана бир электр мамысын сел агызып кетип, электр берүү убактылуу токтотулган. Сопу-Коргон - Терек ички чарбалык жолунун 7 чакырымында 3 тилкеде сел калдыктарынан улам жол каттамы үзгүлтүккө учураган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан