Ошто Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Төлөйкөн ат майданы оңдолууда

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Ош облустук Төлөйкөн ат майданынын” капиталдык оңдоп-түзөө жана реконструкция жумуштары жүрүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.

Ага ылайык, капиталдык оңдоп-түзөө жумуштарын баштоого 15-июнда «Темир-Стройсервис» ЖЧКсы менен келиши түзүлгөн. Аны ушул жылдын 20-августунда бүтүрүү планы коюлду. 20-августта баштала турчу ат оюндары жаңыланган ат майданда өткөрүү пландалууда.

Оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов барып текшерип келген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан