Эрдогандын шайлоодогу негизги атаандашы 110 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

Түркиянын оппозициячыл Республикалык элдик партиясынын лидери, жакында эле өткөн президенттик шайлоого талапкер болгон Кемал Кылычдароглу 110 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, жакынкы күндөрү ал өзүнө коюлган 28 айыптын алкагында камакка алынышы мүмкүн. Жалпысынан саясатчы президент Режеп Тайып Эрдоганды кемсинткен деген айыпты кошкондо 110 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

"Кылычдароглу 110 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Анын саясий ишмердүүлүгүнө дагы жакын арада тыюу салынат", - деп айтылат билдирүүдө.

Кылычдароглунун адвокаты Желал Челиктин айтымында, саясатчыга каршы 28 доо арыз берилген. Көпчүлүк доону президент Режеп Тайып Эрдоган койгон.

Эске салсак, президенттик шайлоодо утулгандан кийин Кемал Кылычдароглу парламентке өтпөй калып, Түркиядагы шайлоону “өлкө тарыхындагы эң адилетсиз шайлоолордун бири” деп атаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан