Биз социалдык тармакта

Кыргызстан Орусиядан көп максаттуу Ми-17 тик учагын сатып алды (фото) 

Кыргызстан Орусиядан сатып алган Ми-17 тик учагы өлкөгө алынып келинди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен кабарлашты.
Тик учакты өткөрүп берүү иш-чарасына коргоо министри Бакытбек Бекболотов, Казань тик учак заводунун өкүлдөрү, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдүн Абадан коргонуу күчтөрүнүн командачылыгы жана өздүк курамы катышты.
Аземдин жүрүшүндө Бакытбек Бекболотов көп максаттуу Ми-17 тик учагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн алдында коюлган тапшырмаларды аткарууга бир нече мүмкүнчүлүгүн жогорулатарын белгиледи.
Учуучу техника Кыргызстанга Ил-76 учагы менен жеткирилип, Казань тик учак заводунун өкүлдөрү тарабынан чогултулуп, учкуч-сыноочулар учууларды өткөрүштү.
Белгилей кетсек, аталган техниканы сатып алуу үчүн акча каражаты республикалык бюджеттен бөлүнгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jigitaliev95
2023-06-23 15:19:00
Ушундай военный техникаларды сыр кылгылачы аны алдык муну алдык дебей... Военный эн секрет болуш керекко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан