Бишкектин чок ортосунда унаада кыз зордуктоого аракет кылууга шектелген мурунку аткаминер кармалды

Бишкекте кызды зордуктоого аракет кылды деп шектелип жаткан Жаратылыш ресурстары министрлигинин мурдагы кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Свердлов РИИБинен билдирди.

Маалымдалгандай, кылмышка шектүү катары 30 жаштагы Б.Б. кечээ күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эске салсак, окуя 15-июнга караган түнү Токтогул менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда токтоп турган жол тандабастын арткы орундугунда эркек киши кызды зордуктоого аракет кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан