15-июлдан тарта азербайжандык AZAL авиакомпаниясы Азербайжандын борбору Бакудан Бишкекке үзгүлтүксүз каттамдарды ачууну пландаштырууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, каттамдар жумасына 1 жолу – ишемби күндөрү жүргүзүлөт.
Авиабилеттерди www.azal.az расмий сайтынан, ошондой эле авиакомпаниянын мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алса болот.