Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чини ыйгарылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, күбөлүктү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тапшырды.
"Чин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүн майрамдоого байланыштуу кол коюлган жарлыктын негизинде ыйгарылган", - деп айтылат билдирүүдө.