Оштон Иркутск шаарына каттамдардын саны көбөйдү. Бул туурасында «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.
"Ушул жылдын 23-июнунда ата мекендик "Аэро Номад Эйрлайнс" авиакомпаниясы Ош-Иркутск-Ош багыты боюнча биринчи каттам аткарып, бул багытта туруктуу каттамдардын санын көбөйттү", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгиленгендей, биринчи каттам менен Оштон 131 жүргүнчү учуп кетип, Иркутск шаарынан 180 жүргүнчү учуп келген. Каттамдар Airbus A320 учактары менен жумасына бир жолу – жума күндөрү аткарылат.
Эскерте кетсек, башка авиакомпаниялар тарабынан аталган багыт боюнча жумасына алты каттам аткарылат.