Кемпир-Абад иши боюнча кармалган Атай Бейшенбек менен Рита Карасартова үй камагына чыкты

Бүгүн, 23-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетин түзгөн оппозициялык саясатчылардын, активисттердин жана журналисттердин кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда.

Соттук отурумдар жабык өтүүдө. Анда судья активист Атай Бейшенбек менен Рита Карасартованы үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган башка адамдардын иши кийинки отурумдарда каралат.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 23-октябрында милиция бир катар саясатчы, жарандык активисттерди кармап кеткен. Ички иштер министрлиги билдиргендей, аларга Кылмыш-жаза кодексиндеги “Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу” беренеси (36, 278) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jigitaliev95
2023-06-24 17:20:00
Рита Карасартованы камап салса деле болот динден чыккан акмак аял ал
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан