Америкалык ишкер Жей Блум уулу менен "Титаникке" саякаттоо үчүн киши башына 100 миң доллар арзандатуу менен сунушталган "Титан" суу астында жүрүүчү кемесине түшүүдөн баш тарткан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ага февраль айында эле арзандатуу менен "Титан" кемеси аркылуу "Титаникке" саякаттоо сунушу түшкөн. Ал коопсуздугунан коркуп, баш тарткан. Компания өкүлдөрү "титан" суу астында жүрүүчү кемеси тик учакка караганда коопсуз экенин айтышкандан кийин америкалык ишкер макул болгон. Бирок убакыты жок болгондугуна байланыштуу кийинчерээк баш тарткан.
Анын ордуна пакистандык миллиардер Шахзад Дауд жана анын уулу Сулейман кемеге түшкөн.
"Титаник" кыйраган жерге туристтерди жеткирген суу астында жүрүүчү "Титан" кемеси жоголгондугу тууралуу 19-июнда Бостон шаарынын жээк күзөт кызматы кабарлады. Бортто британиялык миллиардер жана саякатчы Хэмиш Хардинг, пакистандык ишкер Шахзад Дауд жана анын уулу Сулейман, француз изилдөөчүсү Пол-Анри Наргеоле жана кеме компаниясынын башкы директору Стоктон Раш бар болгон.
Учурда бул суу астында жүрүүчү кеменин калдыктары "Титаник" кемесинен 1 чакырым алыстыкта табылды. Алдын ала маалымат боюнча кеме суунун басымын көтөрө албай жарылган болушу мүмкүн. Ал эми ичиндеги адамдар каза болгон деп табылды.