Орусияда шашылыш түрдө куралдуу төңкөрүш жарыяланды. Эмне болуп жатат?

Орусияда "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын ээси Евгений Пригожиндин билдирүүсүнөн кийин куралдуу көтөрүлүш жарыяланды. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Пригожин Орусиянын Коргоо министрлиги "Вагнердин" арткы лагерлерине сокку урганын билдирди. Көптөгөн жергиликтүү басылмалар Пригожин менен Орусиянын Коргоо министрлигинин ортосундагы көптөн бери уланып келе жаткан чыр-чатактын чегине жеткенин жазышты.

"Вагнерчилерге" ракеталык чабуул жасалган делгенден кийин көптөр бул коркунучту аскердик төңкөрүш жасоо аракети катары кабыл алышкан.

Орус бийлиги ракеталык соккулар тууралуу маалымат "чындыкка дал келбейт жана маалыматтык провокация" деп жооп кайтарды.

Бул тууралуу маалыматтар президент Владимир Путинге саат сайын жеткирилип жатат.

Пригожиндин билдирүүлөрү куралдуу козголоңго чакыруу боюнча кылмыш ишин козгоого негиз болгонун Орусиянын Улуттук антитеррордук комитети билдирди. Алар Пригожинди мыйзамсыз аракеттерди токтотууга чакырышты.

Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы "Вагнерчилерге" Пригожинди кармоо боюнча чараларды көрүүгө жана анын буйруктарын аткаруудан баш тартууга чакырды.

Орусиянын Коргоо министрлиги Киев "Вагнердин" жетекчисинин провокациясынан пайдаланып, чабуулга даярданып жатканын билдирди.

Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Ростов-на-Дону шаарындагы көчөлөрдө брондолгон унаалар байкалган. Кийинчерээк ал жерлерде көчөдөгү веб-камералар иштебей калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан