Ростов облусунун губернатору Василий Голубев элди Ростов-на-Дону шаарынын борборуна баруудан баш тартууга жана мүмкүн болсо үйлөрүнөн чыкпоого чакырды. Бул тууралуу маалымат облус башчысынын Telegram-каналына жарыяланды.
"Урматтуу мекендештер! Учурдагы кырдаалга байланыштуу сиздерден шаардын борборуна баруудан баш тартууну жана мүмкүн болсо үйүңөрдөн чыкпоону суранам", - деп жазды ал.
Губернатор укук коргоо органдары Ростов облусунун тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон нерселердин баарын жасап жатканын билдирди.
Ишембиге караган түнү социалдык тармактарда Евгений Пригожиндин атынан Коргоо министрлиги тарабынан "Вагнер" аскердик тобунун арткы бөлүктөрүнө ракеталык жана бомбалуу чабуулдар жасалганы тууралуу маалыматтар тараган. Өз кезегинде Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын бул маалыматты чындыкка дал келбейт деп, аны маалыматтык провокация катары баалады.