"Москвага барабыз". Евгений Пригожин Ростов-на-Донудан билдирүү жасады (видео)

Социалдык тармактарда "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожиндин Ростов-на-Донуда шаарында Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүп жаткан видеосу тарады.

"Пригожин видеодо "Биз бул жакка келдик. Башкы штабдын башчысы менен Шойгуну көргүбүз келет. Алар жок болуп жатканда, биз бул жерде, Ростов шаарын тосуп, Москвага барабыз" дейт.

Ал сүйлөшүүдө Коргоо министрлигинин өкүлдөрүн кекетип сүйлөп жатканы көрүнөт.

Евгений Пригожин ошондой эле Ростовдогу бардык аскердик объектилерди көзөмөлдөп жатканын айтты.

Ростов облусунун губернатору Василий Голубев өзүнүн Telegram каналында Ростов-на-Донуда ушул дем алыш күндөрү пландаштырылган бардык коомдук иш-чаралар токтотулганын жазды.

Евгений Пригожин Ростовдо билдирүү жасады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2023-06-24 12:31:00
ошондо чоң-сары ордунан учабы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан