Түндө Бишкекте Милициянын кайгуул кызматынын унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү кабарлашты.
Жол кырсыгы Бишкектеги Бөкөнбаев жана Манас кең көчөсүнүн кесилишинде болгон. Анда Mazda унаасынын айдоочусу кайгуул кызматынын унаасын артынан сүзүп, андан кийин Хонда унаасы менен сүзүшкөн. Mazda унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен.
Милициянын кайгуул кызматы бул боюнча кийинчерээк толук маалымат берилерин билдирди.