Казакстан өз жарандарын Орусиянын бир катар аймактарына барбай турууга чакырды

Коңшу Казакстандын Орусиядагы элчилиги мекендештерин Орусиянын бир катар аймактарына баруудан баш тартууга чакырды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, кеп Орусиянын Украина менен чектеш аймактары ​​жөнүндө болуп жатат.

"Орусиянын Украина менен чектеш аймактарында орун алган коопсуздук коркунучуна байланыштуу, ал жерлерге баруудан баш тартууну суранабыз. Орусия Федерациясында жана өзгөчө Украина менен чектеш аймактарда жүргөн бардык жарандарыбызды Казакстандын Орусиядагы элчилигине каттоого чакырабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан