Орусиядагы кырдаал: Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга кайрылды

Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы кырдаал боюнча билдирүү жасады.

Анда министрлик кыргызстандыктарды Орусиянын Украина менен чектеш аймактарына барбай турууга чакырды.

"Орусиянын Украина менен чектеш аймактарында кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жарандарды бул аймактарга баруудан карманууну өтүнөт. Ошондой эле, аталган аймактарда жашаган жарандарды зарыл болгон коопсуздук чараларын сактоого жана зарыл болгон учурда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине дароо кайрылууга чакырабыз", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jigitaliev95
2023-06-24 17:15:00
Дароо кайрылса дароо кабыл алып дароо жардам берип койчудай жазыптырго... Силерге адам иши тушуп барса май баскан котонунорду которгунор келбейтко... Адамга кандай мамиле кылышты билбейт булар барсан тарс турс карс курс жооп беришет
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан