Бүгүн, 24-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин "Вагнер" аскердик компаниясынын Ростов-на-Дону шаарына кирип барышы боюнча кайрылуу жасады.
Кайрылуусунда Путин Евгений Пригожиндин бул аракетин далыга бычак сайуу деп атады. Ошондой эле Путин Орусия жарандык согуштун кайталанышына жол бербей турганын баса белгиледи.
"Биз жарандык согуштун кайталанышына жол бербейбиз, элибизди жана мамлекеттүүлүгүбүздү коргойбуз", - деди Путин.
Путиндин айтымында, учурда Ростов-на-Дону шаарында кырдаал курч.
Ал ошондой эле чыккынчылык жолуна түшкөндөрдүн баары сөзсүз жазага тартылып, мыйзам алдында жооп берерин белгиледи.