Орусиянын президенти Владимир Путин коңшу өлкөлөр Казакстан, Өзбекстан жана Беларустун президенттери менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков РИА Новостиге билдирген.
"Президент маектештерине кырдаал тууралуу маалымат берди", - деген Песков.
23-июнь күнү кечинде "Вагнер" жеке аскердик команиясынын башчысы Евгений Пригожин Орус армиясы жалданма аскерлердин арткы лагерлерине ракеталык чабуул жасаганын билдирди. Анын айтымында, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Ростовго учуп барып, ал жерде жалданма аскерлерди жок кылуу операциясын өзү жүргүзгөн.
Пригожин Шойгу Ростовдон коркоктук менен качып кеткенин кошумчалады. Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты провокация деп атады.