"Вагнер" аскердик компаниясынын ээси Евгений Пригожин Орусиянын президенти Владимир Путиндин айткандарына жооп берди. Пригожиндин жообун "Вагнердин" басма сөз кызматы телеграм каналына жарыялады.
"Президент мекенге чыккынчылык кылды деп жаңылып жатат. Биз өз мекенибиздин патриотторубуз, биз согушканбыз жана согушуп жатабыз. Ал эми президенттин жана федералдык коопсуздук кызматынын талабын эч ким моюнуна алып, баш ийбейт. Өлкөнүн мындан ары коррупцияда, алдамчылыкта, бюрократияда жашашын каалабайбыз. Бизге Украина менен согушуп жатканыбызды айтышканда, биз барып согушканбыз, бирок ок-дары, курал-жарак, баары жок болуп чыкты. Аларга салынган акчанын баарын чиновниктер өздөрүнүн пайдасына жумшаган", - деген Пригожин.
Буга чейин Путин Орусиянын жарандарына, ошондой эле "Вагнер" жалданма аскерлерине видео кайрылуу жасаган. Ал ошондой эле чыккынчыларды жазалоону убада кылды.