"Чечен аскерлери Ростов-на-Донуга жөнөдү". Рамзан Кадыров билдирүү жасады

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров орус президенти Владимир Путинди колдой турганын айтып, "Вагнердин" айланасында болуп жаткан окуяларды аскердик көтөрүлүш катары баалады. Билдирүүнү Кадыров өзүнүн телеграм каналына жарыялады.

Анын айтымында, Чеченстандагы Коргоо министрлигинин жана Орус армиясынын жоокерлери чыңалган аймактарга жөнөп кетишти.

"Владимир Владимирович элге кайрылуусунда абдан туура белгиледи - бул аскердик көтөрүлүш! Мындай аракеттерди эч кандай актоого болбойт! Мен Владимир Владимирович Путиндин ар бир сөзүн толук колдойм!”, - деп жазды Кадыров.

Ал ошондой эле "Вагнер" жоокерлерин провокацияларга алдырбоого чакырып, болуп жаткан окуялар Коргоо министрлигинин ультиматуму эмес, мамлекетке чакырык болуп жатканын жана ага каршы бардыгы президенттин тегерегине чогулушу керектигин айтты.

"Чеченстандын Коргоо министрлигинин жана Орусиянын гвардиясынын жоокерлери чыңалган аймактарга жөнөп кетишти. Козголоңду басыш керек, эгер бул үчүн катуу чаралар керек болсо, анда биз даярбыз!", - деп кошумчалады Кадыров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uri24
2023-06-24 20:59:00
Хитрый Рамзан аран эле турат Россиядан болунобуз деп. Рамзан Кадыровко окшогон арамза динчилдерден алыс эле болгула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан