"Вагнер" жеке аскердик компаниясына таандык техникалар Орусиянын Липецк облусунун аймагына кирип келди. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.
"Вагнерчилердин" техникасы Липецк облусунун аймагына келишти. Укук коргоо жана бийлик органдары, анын ичинде муниципалитеттер калктын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатышат", - деген облус башчысы Игорь Артамонов.
Буга чейин "Вагнерчилердин" лидери Евгений Пригожин жалданма аскерлер Ростов-на-Дону шаарынан Москвага бара тургандыгын айткан.