"Вагнер" аскер компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин козголоңунан улам Орусиянын банктарында доллар кымбаттады. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары жана Telegram каналдары жазып чыгышты.
Пригожин Ростов-на-Дону шаарына көзөмөл орнотконун айткандан кийин Орусиядагы ири банктарда доллар кескин түрдө кымбаттаган. Baza Telegram каналынын маалыматына караганда, көптөгөн банктарда доллардын курсу 90 рублдан, евро 100дөн ашты.
Ал арада Орусиянын Борбордук банкы 24-июнга карата валюта курсун 1 доллар үчүн 84,1 рубль, евро 91,5 рубль деп белгиледи.
Ошондой эле авиа билеттердин дагы баасын кымбаттаганы айтып, а түгүл калбай калганы дагы маалымдалды.