Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө Нива үлгүсүндөгү жаңы авто унаа тапшырылды. Бул тууралуу райондук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.
Унааны тапшыруу салтанаттуу аземине Жогорку Кеңештин депутаттары Шаирбек Ташиев, Руслан Жакышов жана Айгүл Айдарова, Талас ОИИБдин башчысы Азамат Токтоналиев жана Бакай-Ата РИИБдин өздүк курамы катышышты.
"Депутаттар куттуктоо сөздөрүн айтышып, бул унаа милициянын жумушун жеңилдетип, окуя болгон жерге ыкчам барып, кылмыштуулук менен күрөшүүдө өз салымын кошорун айтышты. Бакай-Ата райондук Ички иштер бөлүмүнө милицияга ылайыктуу толук жабдылган Нива автоунаасы эл өкүлдөрүнүн демөөрчүлүгү менен каржыланды. Андан тышкары алар Бакай-Ата РИИБдин имараты менен таанышып, кызматкерлердин иштерине ийгиликтерди каалап күч дем берип кетишти", - деп жазылат билдирүүдө.
Башкармалыктын башчысы Азамат Токтоналиев эл өкүлдөрүнө ыраазычылык айтып, ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздап, мындан ары да облустун аймагында жигердүү ишмердүүлүк алып барарын билдирди.