Кремль Пригожин менен эмне себептен Лукашенко сүйлөшүү жүргүзгөнүн түшүндүрдү

Орусия менен Беларустун президенттери телефон аркылуу сүйлөшүүдө Беларусь лидеринин демилгеси менен "Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожин менен Лукашенконун сүйлөшүүсү макулдашылган. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдирди.

Песковдун айтымында, Лукашенконун ортомчу болушунун негизги себеби ал көптөн бери Пригожинди тааный турганы болгон.

"Эки президент чындап эле президент Лукашенко кырдаалды жөнгө салуу аракеттерине ортомчулук кыларын макулдашты. Сиздер менден эмне үчүн президент Лукашенко деп сурасаңыздар керек. Чындыгында Александр Григорьевич Пригожин менен 20 жылдан бери жеке тааныш болгон. Бул анын президент Путин менен макулдашылган жеке демилгеси болду", - деди Песков.

Ал ошондой эле ишемби күндү абдан кайгылуу окуяларга толгон оор күн деп атады.

Кечээ, 24-июнь күнү кечинде Лукашенко менен сүйлөшүүдөн кийин Евгений Пригожин Москвага бара жаткан "Вагнерчилердин" колоннасын артка кайтарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан