Бириккен улуттар уюмунун жаңылыктар кызматы өзүнүн расмий Twitter баракчасына Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева менен анын кызынын сүрөтүн жарыялады.
Сүрөт 24-июнда белгиленүүчү дипломатиялык аялдардын эл аралык күнүнө карата тартылган.
Эске салсак, Аида Касымалиева 2021-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү кызматына дайындалган.