Чечен Республикасы аскердик көтөрүлүш учурунда Москваны коргоо үчүн 3 миң элиталык жоокерин жибергенин РИА Новости Грозный мамлекеттик телерадиокомпаниясына таянуу менен билдирди.
Маалыматка ылайык, чеченстандык жоокерлер ишемби күнү эртең менен Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы Владимир Путиндин бардык буйругун аткарууга даяр абалда турушкан. Алар учурда Москвада.
Буга чейин "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын аракеттерине байланыштуу Москвада жана Москва облусунда антитеррордук операция режими киргизилгени маалымдалган. Орус лидеринин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, антитеррордук операция режими жакынкы аралыкта алынат.