Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 23-июнда орус түрмөлөрүндө отурган кыргызстандык кыз-келиндер менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.
"Борборго баруу учурунда бул мекемеде кармалып турган аялдар менен (25 адам) жолугушуу өткөрүлдү, алар кармоо шарттары боюнча даттануулар жана сын-пикирлери жок экендигин билдирген", - деп билдиришти элчиликтен.
Кыргыз жарандарына тийиштүү юридикалык кеңештер берилди. Үстүбүздөгү жылдын 27-июнунда аталган Борбордогу калган Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуу ишке ашырылат.
Маалымат үчүн: Учурда ЦВСИГде Кыргызстандын 130 жараны кармалып турат.