“Алтын сертификатка” ээ болгон жылдын мыкты окуучулары менен тааныштырууну улантабыз. Бул ирет жалпы республикалык тестирлөөдөн 225 упай алган Бектур Момуновду кепке тарттык. Бектур учурда Кызыл-Кыя шаарындагы Исхак Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейинин бүтүрүүчүсү. Келечекте технология тармагында билим алууну каалаган Момунов менен алдыдагы максаттары, “Алтын сертификат” алган учурдагы сезимдери жана өзү тууралуу маек курдук.
- Салам, Бектур! “Алтын сертификатка” ээ болушуң менен куттуктайбыз. Аталган сертификатты алганыңды биринчилерден болуп ким сүйүнчүлөдү?
- Саламатсызбы! “Алтын сертификатка” ээ болгон окуучулардын тизмеси чыккан күнү досум чалып сүйүнчүлөп калды. Ал досум дагы “Алтын сертификатка” ээ болуптур. Башында ишенген жокмун, кийин мага аталган сертификатка ээ болгондордун тизмеси бар шилтемени жөнөтүп калды. Ичине кирип, өз атымды көргөндөн кийин гана ишендим.
- Башында 10 мүнөттөй ишенген жокмун. Ушунчалык кубанганымдан секирип, кыйкырып жаттым. Жадакалса, 3 күн өткөн кийин дагы катуу кубанбасам да, ичимден ушундай ийгиликке жеткениме сүйүндүм. Азыр деле кубанып жүрөм.
- Ийгиликке жетүү үчүн көп мээнет талап кылынат эмеспи. Сен дагы аталган сертификатка ээ болуу үчүн аябай даярдансаң керек...
- Ооба, тестирлөөгө жыл башынан бери даярдандым. Тестирлөөгө эки ай калганда, тагыраагы апрель айынан баштап башка эч нерсеге алаксыбаганга аракет кылдым. Бар оюмду тесттерге бөлүп жаттым. Жадакалса, ЖРТга эки күн калганда уюлдук телефонго да алаксыбайын деп аны караган жокмун.
- “Алтын сертификатка” ээ болгон бүтүрүүчүлөр көбүнчө чет өлкөдө окугусу келет эмеспи. Бул жаатта сенин кандай пландарың бар?
- Мен бир жыл Кыргызстанда эле болууну ойлонуп жатам. Англис тил билүү жөндөмүмдү өстүрүп, андан кийин гана чет өлкөгө тапшырсамбы дейм. Негизи мен 8-9-классымдан бери Кореяда окууну пландап жүргөм, ошондуктан бар аракетимди жумшап, Кореяда билим алгым келет. А кесип боюнча айтсам, азырынча тандай элекмин. Бирок технология тармагына кызыгуудамын.
- Кийинки окуу жылындагы бүтүрүүчүлөргө кандай кеңештерди бересиң?
- ЖРТга жылдын башынан баштап даярдангыла демекчимин. Себеби тестирлөөгө аз убакыт калганда даярданып баштоо ашыкча стресске жана менталдык чарчоого алып келет. Мүмкүн болсо 10-класстан баштап даярданса жакшы болот. А ЖРТга жакын калганда окуу менен физикалык активдүүлүктү айкалыштыруу мээни эс алдырат. Анан албетте, уюлдук телефондорду колдонуудан баш тартуу зарыл.
- “Алтын сертификат” алышыңа мугалимдерден сырткары үй-бүлөңдүн дагы салымы болсо керек. Үй-бүлөң жөнүндө айтып берсең...
- Мен үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусумун, менден кийин 2 иним бар. Апам башталгыч класста мугалим болуп иштейт. Менин жетишкендиктериме эң чоң салымын кошкон, жашоомдогу эң маанилүү адам - апам. Ал мага аракет кылганды, максаттарга жете билүүнү үйрөттү. Бул үчүн мен ага абдан ыраазымын.
- Окурмандар сени “жалаң окуйт экен” деп ойлоп калбасын. Бош убактыңда китеп окуудан сырткары эмне менен алектенесиң? Спортко кызыгасыңбы?
- Мен стол тенниси менен баскетболго кызыгам. Теннисти 7-классымдан бери ойнойм. Теннисте каршы тараптагы оюнчунун күчтүү болгону маанилүү. Теннис ойноп жатканда ойлорумдун тазаланып жатканын сезем, кадыресе таза, эркин ойлоно баштайм. А баскетбол боюнча айта турган болсом, анчалык деле күчтүү оюнчу эмесмин. Көбүнчө чуркап, денени машыктыруу үчүн ойнойм.
- Келечекте Кыргызстанга кантип салым кошкуң келет?
- Менимче, өлкөгө салым кошуу үчүн алгач ошондой деңгээлде болуш керек. Бирок мен өлкөбүздүн туристтик аймактардын эсебинен гана таанымал болуусун каалабайм. Ошондой эле мен аркылуу, биз аркылуу, келечектеги муундар аркылуу дүйнөлүк атактуулукка жеткенин каалайм. Бул үчүн бардык аракетимди жасагым келет.
- Маегиң үчүн чоң рахмат. Ийгилик каалайбыз!