Алып баруучу Максат Довранов сүйүктүүсүнө баш кошту. Кыз узатуу той кечээ, 25-июнда борбор калаадагы тойканалардын биринде болуп өттү. Андагы сүрөт жана видеолор социалдык тармактарга жүктөлдү.
Белгилүү болгондой, Доврановдун сүйүктүүсү Алтынайды эл алдына эстрада ырчысы Айдана Дека алып чыккан. Жаш жубайлардын жакшылыгына жакындары, достору жана маданият өкүлдөрү күбө болушту. Ал эми бүгүн, 26-июнда түгөйлөрдүн үйлөнүү үлпөт тою өтөт.
Эскерте кетсек, буга чейин Максат Довранов SUPER.KG порталына жакында үйлөнө турганын билдирген болчу. Сүйүктүүсү өзүнүн кесиптеши экени айтылган.