Бишкекте жол көрсөткүчтөрү орнотулду 

Бишкектин Свердлов районунда алгачкы жол көрсөткүчтөрү орнотулду. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, жол көрсөткүчтөрү Чүй проспектиси - Гоголь көчөсүнүн жана Чүй проспектиси - 7-Апрель көчөсүнүн кесилиштерине орнотулду.

"Жаңы белгилер атайын чагылдыруучу пленка менен капталган, анын аркасында белгилерди ар кандай аба ырайында көрүүгө болот. Белги үчүн фаралардын жарыгы жетиштүү", - деп айтылат билдирүүдө.

Кошумчалангандай, жол көрсөтүүчү белгилер демөөрчүлөрдүн эсебинен Свердлов райондук администрациясынын колдоосу менен орнотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан