Кыргызстандыктар 28-июнда эс алат. Бул күн Курман айт майрамына карата кызыл менен белгиленген. Бул тууралуу Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин маалымат кызматы эскертет.
Белгилей кетсек, буга чейин Курман айт майрамы өлкөдө 28-июнда белгилене турганы айтылган.
Мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири Курман айт Орозо бүткөндөн кийин 70 күндөн кийин болот. Ай календарына ылайык, жыл сайын 10 күн айырма менен белгиленет.