Орусиянын Королёв шаарында аялы менен урушуп кеткен жаран батирин өрттөп, жыйынтыгында эки адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, окуя 25-июнда Королёв шаарындагы Пионерск көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 14-кабатындагы батиринде болгон. Анда белгисиз жаран аялы менен урушуп кетип, аны бычак менен сайып жиберген.
Андан соң аялды сыртка чыгарып, батирди өрттөп жиберген. Өрттүн кесепетинен 14-15-кабаттагы батирлер күйүп, жанаша жайгашкан батирдеги тургун менен аны куткарууга аракет кылган өрт өчүрүү кызматкери 14-кабаттан кулап түшкөн. Жыйынтыгында, окуя болгон жерде экөөсү тең каза болгон.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 109-беренеси менен («Байкабастыктан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келүү») өрт чыгарган жаранга кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.